Ошто террорго даярдалган жардыруучу заттар табылды

Ош облусунун Өзгөн районунда террордук иш аракеттерди жасоо үчүн даярдалган жардыруучу зат, ок дарылар менен куралдар табылды.

Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.                                                                                                    18-октябрь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүүчү кызматы ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, өлкө аймагына террордук иш аракеттерди жасоо үчүн даярдалган жардыруучу зат, ок атуучу куралдар жана ок дарылар табылган.

Ош шаардык сотунун 2018-жылдын 17-октябрындагы токтомуна ылайык, Өзгөн районунун аймагында атайын катылган жайда тинтүү жүргүзгөн учурунда төмөндөгү курал-жарактар алынган:

1 даана РГД-5 үлгүсүндөгү кол гранатасы;

2 даана тротил шашкасы;

17 даана 7,62 Калашников автоматынын октору;

1 даана 16-калибриндеги 7,62 огуна ылайыкташтырылып колдо жасалган ок атуучу курал;

1 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү, оптика жасалгасы менен ок атуучу курал.

Табылган жардыруучу зат жана ок атуучу курал жарактардын ээсин тактоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, Өзгөн шаарынын тургундары 1975-жылы туулган С.Б жана анын бир тууган иниси 1979-жылы туулган С.Р тарабынан катылгандыгы аныкталган.

Аталган жарандар 2010-жылы Ош окуясында экстремисттик жана сепаратисттик маанайдагы шектүүлөрдүн катарында  болушкан.

Ошондой эле Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук уюмунун активдүү мүчөсү Мухтаров Сиражиддин ( каймана аты “Абусалох”) менен тыгыз байланышы болгондугу жана Сирияда согуштук аракеттерге катышып, андагы топтун биринин лидери экендиги айкын болгон.

Бул жарандардын жүргөн жерин тактап жоопкерчиликке тартуу боюнча эл аралык келишимдердин алкагында тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүп жатат.

Жогорудагы алынган далил буюмдар боюнча Ош ОИИБнын тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, криминалдык экспертизалар дайындалган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3485 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо