Кош бойлуу келинин муунтуп өлтүргөн жаран 13 жылга соттолду

Тажикстандын Ховалинг районун тургуну Сафар Носиров келинин өлтүрүп салууда айыпталган. Сот аны 13 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

Сотто Носиров 28 жаштагы Шахноза Абдураззакованы муунтуп өлтүргөнүн мойнуна алды. Окуя быйыл 18-майда келини жыйылган тезектерди уратып алгандан кийин болгон.

Носировдун айтымында, ал келининин тезектерди кайра жыйып коюудан баш тартканына жини келип өлтүрүп алган. Соттолгон адам буга чейин да Шахноза айткандарын аткаруудан баш тартып келгенин белгиледи.

Өлтүрүлгөн маалда Шахноза Абдураззакованын эки айлык боюнда болгон. Бул окуядан кийин анын биринчи кызы төркүнүнө берилген.

Окуя болгон маалда келиндин күйөөсү үйүндө эмес болчу. Анын айтымында, буга чейин да атасы менен жубайынын ортосунда майда нерселер үчүн талаш-тартыш болуп келген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3494 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо