Кыргызстандыктар Орусиянын «кара тизмесинен» чыгат. Инфографика

Кыргызстандын жарандары Орусиянын «кара тизмесинен» ноябрдан тартып чыгарыла баштайт. “Миграциялык мунапыс” эки өлкөнүн макулдашуусуна ылайык берилүүдө.

Россия Федерациясы айрым кыргызстандыктарды өз аймагына кирүүгө салган тыюусун алып салат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Элчиликтин маалымат кызматы билдиргендей, бул чечим Кыргызстан менен Орусиянын президенттеринин бир нече жолку сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынган.

Эки өлкө президенттери түзгөн макулдашуу боюнча, РФда миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөн кыргызстандыктарды легалдаштыруу да ишке ашат.

Мунапыс «кара тизмеде» жүргөн кыргызстандыктардын баарына эмес, айрымдарына гана берилет. Берилчү мунапысты жарандар РФтин Ички иштер министрлигинин сайтынан онлайн түрдө текшерип алса болот.

Орусияда 650 миңдей кыргызстандык иштейт, 70 миңдей жаранга өлкөгө кирүүгө убактылуу тыюу салынган.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо