Ошто таза суу токтойт

23-25-октябрь күндөрү Ош шаарында таза суу берүү токтотулат. Ушул убакытка жете турган сууну камдап алууну суу чарба башкармалыгы эскертүүдө. 

Үзгүлтүк күзгү профилактикалык ремонттоо иштерине байланыштуу болуп жатат.  Эки күн аралыгында суу кампалары жана түтүктөр тазаланмакчы.

“23-октябрь 24:00дөн баштап, 25-октябрь саат 24:00гө чейин Ош шаарынын “Курманжан -Датка”, “Манас-Ата”, “Туран” аймактык кеңештеринен, “Достук” кичи районунан жана “Калинин” массивинен башка аймактарына таза суу берүү токтотулат”, – деп айтылат маалыматта.

Ош шаарында таза суу Ак-Буура дарыясынан ачык суу сактагыч ыкмасы менен берилет. Жыл сайын жаз-күз мезгилинде ичүүчү эки күнгө суу өчүрүлүп, ремонт жүргүзүлөт.

 

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*