Тиллаев:100 миңден ашуун мигрант Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүрөт

100 миңден ашык мигранттар Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүрөт. Бул тууралуу парламенттин жыйынында сүйлөп жатып депутат Таабалды Тиллаев билдирди.

«Муну айткан себебим – бул жерде чоң коррупциялык схема бар дешет. Тиешелүү органдар аларды калкалап, ошолордун жардамы менен алар жумушун кылып же кандайдыр бир башка иштер менен алектенип жүрүшөт. 100 миң адамдын ар биринен ай сайын 1-2 миң сом алса да 200 миллион сом акча болот», — деди депутат.

Таабалды Тиллаев Кыргызстандын кылмыш-жаза мыйзамдарында сырттан келген мигранттардын жана туристтердин жоопкерчилигин караган нормалар жетишсиз экенин айтып, өкмөттү ушул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3490 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо