УКМК:Икрамжан Илмиянов кармалды

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси  Икрамжан Илмиянов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат катчысы Рахмат Сулайманов Т-Медиага билдирди.

Маалыматтар боюнча, ал Москва шаарында кармалып, Бишкекке жеткирилди.

Буга чейин Илмиянов 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кетип кайрылып келбегени маалымдаган эле. Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган болчу.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4024 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо