
Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Нодирбек Каримов жол кырсыгына кабылып, 69 жаштагы апасы каза тапты.
Маалыматка ылайык, кырсык Жайыл районунда, Бишкек-Ош жолунун 205-чакырымында болгон.
Депутат айдап бараткан машина оодарылып кеткен. Каримов Токтогулдагы ооруканага жаткырылган.
Учурда эл өкүлүнүн абалы жакшы. Апасынын сөөгүн Ош шаарына алып кетишкен.
Пикир калтыруу