Эки министрликке кимдер татыктуу? Сурамжылоо

Маданият жана социалдык өнүктүрүү министрлери расмий дайындала элек. Эки министрликти өткөн аптадан бери убактылуу жетекчилер башкарып келүүдө.

Учурда талапкерлердин болжолдуу тизмеси айтыла баштады. Арасында мурда жетектеп кеткен министрлердин да ысымы аталып жүрөт.

Маданият министрлигине барышы мүмкүн делгендердин баш сабында Алтынбек Максутовдун ысымы аталып жатат. Ал аталган министрликти 2014-жылдан 2016-жылга чейин жетектеп турган эле.

Андан кийин маданият министринин милдетин аткарып турган Бактыбек Секимов да талапкер болуп турат. Ал буга чейин аталган министрликтин стат-катчысы болуп иштечү.

Эмгек сиңирген артист наамына татыган Бек Борбиев да министрлик кызматына көрсөтүлөт деген сөздөр бар. Буга ырчынын бир кездери «чоң сахнадан кетем» деп жар салганы да түрткү.

Талапкерлердин катарында Рахман Разыков да бар. Куудул кыргыз коомчулугуна саясий сатиралары менен белгилүү.

Аты аталган талапкерлердин кайсы бири татыктуу? «T-Media Group» сурамжылоо жүргүзөт.

Чуулуу министрликке ким келиши мүмкүн?

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин Кудайберген Базарбаев кайрадан жетектеп калат деген кептер жүрүүдө. Ал аталган министрликти 2013-жылдан 2016-жылга чейин жетектеп келген.

Вице-премьер-министр, илим жана билим берүү министри болуп иштеген Эльвира Сариева социалдык өнүктүрүү тармагын жетектеши ыктымал. Өздүк булактар аны негизги талапкерлердин  бири деп айтууда.

Министрдин милдетин аткарып турган Каныбек Абдиев убактылуу эмес, толук ыйгарымдуу жетекчи болот деген сөздөр да бар. Абдиев да министрликтин стат-катчысы болуп иштеп турган.

Болжолдуу тизмеде Хабиб Арзыкуловдун ысымы аталып жүрөт. Азыр ал “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фондун жетектеп келүүдө.

«T-Media Group» бул министрликке да сурамжылоо жүргүзөт. Катышып добуш бериңиз.

 

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо