Кыргызстан-Өзбекстан эки талаштуу тилкесин тактоодо

Баткен, Жалал-Абад, Фергана жана Наманган облустарындагы талаш жерлер такталууда. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Өзбекстандын басылмалары жазып чыккандай, Фергана менен Баткен облустарынын аймагындагы Шахимардан тилкеси такталып жатат. Экинчи макулдашуу Наманган менен Жалал-Абаддын ортосундагы Кандион-Булок тилкелери боюнча жүрүүдө.

Тактала элек эки тилкени  Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары Наманган облусунда жолугуп талкуулады. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протокол түзүлдү.

Өткөн айда Кыргызстан менен Өзбекстан такталбаган чек ара тилкелеринен экөөнү тактаган эле. Ал Фергана жана Баткен облустарына тиешелүү.

Былтыр Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 85% такталган. Калган 208 чакырымы былтыр жыл соңуна чейин макулдашылары айтылып, аягына чыкпай калган. Адистер чек аранын калган бөлүгү эң оор участкалар экенин, муну тактоо жакын арада бүтпөй турганын айтып келет.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо