
Буга чейин Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда Бишкек-Стамбул каттамы гана иштеп келген болсо, эми жети шаарынан түз каттамдар уча баштайт.
Бул тууралуу Түркиянын жарандык авиация башкармалыгы интернет сайтына расмий жарыялады. Анда айтылгандай, Анталия, Алания, Даламан, Бодрум, Самсун, Кападокия жана Газиантеп шаарларынан Кыргызстанга түз каттам ачылат.
Маалыматка ылайык, эки мамлекеттин тийиштүү министрликтеринин ортосунда жарандык авиация жана Анкарадан Бишкекке түз каттам боюнча келишимге кол коюлган.
Пикир калтыруу