Саудиялык журналист эмнеге өлтүрүлдү? Жамал Хашогги ким?

Англия, Франция жана Германия мамлекеттери Сауд Арабияны журналист Жамал Хашоггинин өлүмү боюнча чындыкты жарыялоого  чакырды.

Аталган өлкөлөр Сауд Арабиянын «Кашыкчы консулдукта тосуп алган кишилер менен жаңжалдашып, мушташтан каза тапты» деген билдирүүсүнө канааттанбай турганын билдирип, буга далилдерди талап кылды. Буга кошо окуяны дыккат териштирип, күнөөлүүлөрдү тезинен жоопко тартууга чакырды.

АКШнын президенти Дональд Трамп эгер журналистти өлтүрүүнүн артында падышалык турганы ачыкталса, Эр-Риядды жазалоону эскертүүдө. Трамп  жоопторду алганга чейин канааттанбаймын, «Сауд Арабия абдан жакшы шериктеш, бирок кылгандары кабыл алынгыс»,-деп айтты.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган саудиялык журналист Жемал Кашыкчынын өлүмү боюнча териштирүүнүн жыйынтыгын  23-октябрда партиясынын фракциялык жыйынында кеңири түшүндүрө турганын айтты.

Жамал Хашогги ким?

Жамал Кашыкчы 1958-жылы октябрда Сауд Арабиянын Мадина шаарында туулган. 1985-жылы АКШдагы Indiana мамлекеттик университетин аяктап, өз өлкөсүндө журналист болуп иштей баштаган.

1987-95-жылдары Ал-Каиданын лидери Усаме бин Ладенден Афганистанда жана Суданда интерьвю алган.

1991 — 1999-жылдары Ал-Мадина газетасында жооптуу катчы болгон. Кийинчерээк, англис тилиндеги араб ньюс басылмасында 4 жыл иштеген.

«Ал-Ватан» деп аталган басылмада 54 күн жооптуу катчы болуп иштеп, Сауд Арабиядагы диний кырдаалды изилдеген макалаларды чыгарган үчүн кызматтан алынган.

Бул окуядан кийин АКШ жана Англияда Сауд Арабиянын элчиси Prens Türki al Faysalдын кеңешчиси болгон. 2008-жылы кайрадан «Ал-Ватан» басылмасынын жетекчиси болуп иштеген. Сын макалалардын жарыялаган үчүн 2010-жылы кайрадан иштен алынган.

Андан кийин араб өлкөлөрүндө чыккан «Ал-хаят» газетасында 5 жыл иштеген.

Ал Саудиядагы монархиялык режимди сындап жүргөн.

«Ал Ватан» гезитине салым кошкон жана Батыш медиасында Жакынкы Чыгыш тууралуу маалыматтары менен таанылган.

Хашогги 2-октябрда Саудиянын Стамбулдагы консулдугуна түрк жараны Хатиже Жеңгизге үйлөнүш үчүн документтерин тууралоо максатында барган. Сыртта күтүп калган болочок жубайы Хашоггини андан кийин көргөн эмес.

Хатиже Женгиз Сауд арабиянын Стамбулдагы консулдугунда Жамал Хашоггини күтүп турганы
Ажибай Пайзидин уулу
Автор Ажибай Пайзидин уулу 1428 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо