​Альварес мыкты боксчу деп табылды

Дүйнөлүк бокс ассоциациясы (WBA) жана дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) версиясы боюнча орто салмактагы дүйнө чемпиону, мексикалык боксчу Сауль Альваресту “The Ring” журналы  мыкты боксчу наамын ыйгарды. Бул тууралуу дүйнөлүк бокс ассоциациясынын атайын баракчасында жазылды.

28 жаштагы мушкердин эсебинде 53 профессионалдык ринге чыгып,50 ирет жеңишке жетишкен. Анын 34 нокаут менен жыккан.Эки жолу гана теңме –тең чыккан. Соңку мелдешинде сентябрь айында казакстандык Геннадий Головкинди жеңип алган. Негизинен ал 69,9 кг салмакта WBC, WBA жана дүйнөлүк бокс уюмунун версиялары боюнча ринге чыгып келатат.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*