Ашуудан аша албай калган чабандар куткарылды

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунундагы Алакан жайлоосунда калың жааган кардан улам ашуудан аша албай калган 8 чабандын баары куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдирди

Маалыматка ылайык, ашуудагы жолдор тазаланып, чабандар мал жандыктары менен Сузактагы Курманбек айыл аймагынын Үрүм-Баш тилкесине жеткирилген.

2018-жылдын 19-октябрында чабандардын абалын жеринен билүү үчүн КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары авариялык куткаруу унаасы менен чыгып кетишкен. Кар калын жаагандыктан, жолду тазалоо зарылчылыгы келип чыккан.

Жолду кардан тазалап, чабандарды мал жандыктары менен ашуудан түшүрүү үчүн 1 Трал унаасы, Сузак айыл аймагынын башчысы, 3 кызматкери жана 1 жүктөгүч тартылган.

Эске сала кетсек, 18-октябрда Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагына караштуу “Алакан” жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен 8 чабан 2200 баш койлору менен “Сары-Кыр” ашуусун аша албай калган.

 

Ажибай Пайзидин уулу
Автор Ажибай Пайзидин уулу 1434 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо