Балбан кыздарыбыздын атаандаштары аныкталды

Кыргызстандык эркин күрөшчү кыздарыбыз бүгүн 23-октябрда мелдешке түшүшөт. Алардын атаандаштары аныкталды.

68 кг салмакта күрөшкөн Мээрим Жуманазарованын атаандашы венгриялык Ванесса Элизабет Уилсон болмокчу. Эгер балбан кызыбыз бул атаандашын жеңе алса, жарым чейрек финалда Элис Манолова (Азербайжан) vs Дальма Канева (Италия) жуптугунун жеңүүчүсү менен беттешет.

Эң оор деп саналган 76 кг салмакта таймашкан Айпери Медет кызы алгачкы беттешин кытайлык Палиха Палиха менен өткөрмөй болду. Айпери жарым чейрек финалга өтө ала турган болсо, канадалык Эрика Элизабет Уэба менен күч сынашат. Эске салсак Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан  эркин күрөш боюнча дүйнө биринчиликте   кыргызстандык жигиттердин баары мелдештен четтеп калды.

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо