Депутат Бокоев: Кыргызстан Бажы союзунан пайда таппай жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев ЕАЭБдин Кыргызстанга пайдасы тийбей жатканын айтып, Фейсбуктагы баракчасына пикирин жазды. Ал экономикалык биримдикке кирбей туруп, Орусияга товар экспорттоп пайда таап жаткан Өзбекстанды мисал келтирген.

Евразиялык экономикалык биримдикке толук мүчө болуп киргенибизге үч жылдын толук жүзү болду. Эмне үчүн күйүүчү майда мындай айырма бар? Эмне үчүн Бажы союзуна кирдик анда? Эмне үчүн элге эркин тартипте күйүүчү майды алып келүүгө болбойт? Өзүм Казакстандан литрин 22 сомдон куйдурдум. Бажы союзуна кирбей туруп эле Өзбекстан “зеленый коридор” статусун алды. Биз эмнеге мындай кадамга бара албай жатабыз?-деп суроо салган депутат.

Ошондой эле ал Өзбекстан менен Орусия 27 миллиард долларлык жаңы соода-инвестициялык келишимдери түзгөнүн, андан тышкары, Россия Өзбекстанда биринчи, ири АЭС куруунга келишим кылганын да мисал келтирген.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан евразиялык экономикалык биримдикке 2015-жылы май айында расмий мүчө болуп кирген. Бул биримдиктин учурда 5 мүчөсү бар.

 

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо