Эркин күрөшчүлөр дүйнө чемпиондугунан медалсыз кайтышат

Дүйнө биринчилигине  эркин күрөш боюнча катышкан Кыргызстандык балбандар ийгилик жарата алган жок. Эркектер арасындагы мелдештердин баарында балбандарыбыз утулуп калышты. 

61 кг салмакта Улукбек Жолдошбеков тандап алуу таймашында монголиялык Тувшинтулга Туменбилегке жеңилип, дүйнө чемпиону болуу кыялы менен коштошууга аргасыз болсо, 70 кг салмакта Эламан Догдурбек уулу чейрек финалда чегинди.

Жарым чейрек финалда түркмөнстандык Батыр Борьяковду жеңип алган (10:0) спортчубуз чейрек финалда украиналык Андрей Квятковскийден жеңилүү ызасын тартып калды.

Мурда кабарлангандай, 97 кг салмакта мелдешке катышуусу күтүлүп жаткан дагы 1 спортчубуз Магомед Мусаев килемге чыккан жок. Мунун себеби азырынча айтыла элек.

Ошентип, эркин күрөшчүлөрүбүз Дүйнө чемпиондугун медалсыз аякташты. Бүгүн, 23-октябрда кыз-келиндер арасында таймаштар башталат. Анда Кыргызстандын намысын Мээрим Жуманазарова (68 кг) менен Айпери Медет кызы (76) коргошот.

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо