Кытайда деңиз үстүндөгү эң узун көпүрө ачылды (фото)

Кытайда Гонконг, Чжухай Макао шаарларын байланыштырган деңиз үстүндөгү эң узун көпүрө ишке кирди.

Көпүрөнүн ачылышы Чжухай шаарында болуп, Кытайдын президенти Си Цзиньпин баштаган расмий өкүлдөр да катышты.

Жер титирөөлөргө жана тайфундарга туруштук бериши үчүн көпүрөнүн курулушунда 400 миң тонна болот колдонулган. Узундугу 55 чакырымдык көпүрөнүн бөлүктөрү жер алдындагы жана суу астындагы тоннелдери бар.

Деңизге 40 метр тереңдикте, узундугу 7 чакырым болгон суу астындагы тоннели бар. Көпүрө 8 баллдык жер титирөөгө чыдайт.

Мурун Чжухай жана Гонконгдун аралыгы 4 сааттык жол болсо, көпүрө курулгандан кийин 45 минута болгон.

Көпүрөнүн баасы 20 миллирад долларды түзөт. 18 жумушчунун өмүрү кыйылган, дагы жүздөгөн адамдар жабыркаган.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1441 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо