Министр: картошка быйыл өтө арзан

Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканда билдирди.

Министрдин айтымында, картошканын баасы былтыркыга караганда төмөн болуп, килограммы 5-7 сомдон сатылып жатат. Өткөн жылы картошканын баасы 8-10 сом болгон.

— Быйыл октябрь айында башка айларга караганда картошкага болгон баа төмөн. Ноябрдын ортосунан баштап, баалар көтөрүлөт деп божомолдоп жатабыз. Учурда картошканы жана башка продукцияны экспорт кылуу боюнча Өзбекстан, Россия, Казакстан, Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, — деп билдирди Нурбек Мурашев.

Анын айтымында, 2017-жылы картошка 83 миң 200 гектарга айдалган, быйыл 84 миң 500 гектарга айдалды. Түшүмдүн жалпы көлөмү 1,5 млн тоннаны түздү, ал эми ички керектөө болсо 800-900 тоннаны түзөт. 600 миң тонна картошка экспортко кетет. Бүгүнкү күндө толук көлөмдө төө буурчак жана пахта буласы экспорттолуп жатат.

Министрди кабыл алган президент базар баасын алдын ала билүү керектигин айтып, айыл чарба продукциясын сатуу боюнча жетишсиз жумушту сынга алды.  Ошондой эле президент айыл чарба продукциясын экспорттоо жана айыл жергесинде кайра иштетүүчү ишканаларды куруу тармагына инвестицияларды тартуу — актуалдуу экенин эске салды.

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо