ОшКУУнун мурунку ректору дүйнө салды

Кыргыз-өзбек университетинин мурунку ректору Анваржан Исманжанов ааламдан өттү. Оорусунан улам дүйнө салганын университеттин маалымат кызматы кабарлады.

Анваржан  Исманжанов 23-октябрга караган түндө дүйнө салган. Ал 70 жашка чыккан болчу.

Анваржан  Исманжанов 1948-жылдын 2-августунда Ош шаарында туулган. 1999-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз-өзбек университетинде иштеген. Ал ага чейин факультеттин деканы, институттун директору, 2005-2010-жылдары университеттин ректору болгон.

1970-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн. 1970-1974-жылдар аралыгында Өзбекстан Республикасынын АН Электроника иниститутунда аспирант, 1974-жылдан 1987-жылга чейин Өзбекстандын АН НПО “Академприбордо” сектор башчысы кызматын аркалаган. 1982-84-жылдар аралыгында Гвения Республикасынын улуттук илимий борборунда гелиофизика бөлүмүндө бөлүм башчы, 1985-86-жылдар аралыгында Индияда илимий кызматкер катары эмгек жолун уланткан. 1987-жылдан 1999-жылга чейин Ош технологиялык университетинин физика кафедрасынын доценти, профессордун милдетин аткаруучу катары жаштарга билим берген.

Ал 270тен ашык илимий макалалардын жана 6 монографиянын, 55 ойлоп табуу патентинин автору катары калк арасынан кадыр тапкан. Ошону менен катар эле бир канча жаш илимпоздорго устат, илимий жетекчиси болуп  илимий потенциалынын өсүшүнө барандуу салым кошту.

Белгилүү окумуштуу, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын академиги болгон.

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо