
Кармалган жаран WhatsAppта 100 адам катталган топ түзүп, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди жайылтканы аныкталган. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, видеодо 2010-жылкы окуяларда өзбек улутундагы белгисиз адамдар кыргыз улутундагы адамдарды сабагандыгы, кыргыз улутундагы жаш балдар өзбек улутундагы адамдарды сабагандыгы үчүн кечирим сураткан 2010-жылы тартылган видео роликтерди таратканы аныкталган.
Учурда кармалган адам материалдарды таркатуу боюнча жасаган ишин мойнуна алган. Ал 1989-жылы туулган. Баткен облусунун тургуну болот.
УКМК юридикалык баа берүү үчүн топтолгон материалдарды тергөө органдарына жөнөткөн. Териштирүү иштери уланууда.
Оставьте первый комментарий