“Реалдын” башкы машыктыруучусу жакынкы күндөрү кызматтан кетиши мүмкүн

“Реал Мадрид” футбол клубунун башкы машыктыруучусу Хулен Лопетеги жакынкы күндөрү жумуштан кетет. Бул тууралуу Marca басылмасы жар салды.

Маалыматка ылайык 23-октябрдагы “Виктория” командасы менен болчу беттешүүгө Реал оюнчуларын башка  адис даярдайт.

Учурда башкы машыктыруучунун ордуна үч талапкер каралып жатат. Алар “Челси” командасынын мурдагы машыктыруучусу Антонио Конте, “Кастилью” клубунун машыктыруучусу Сантьяго Солари жана “Бешикташ” машыктыруучулар курамындагы Гути чакырылышы мүмкүн болууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, “Реал” соңку  оюндарында үч жолу жеңилген жана Чемпиондор лигасында москвалык «ЦСКА” командасынын да 0:1 эсебинде уттуруп коюшкан.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо