Түлеев учактагы сүрөтү боюнча үн катты

Саясатчы Нариман Түлеев менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү социалдык тармактарга тарады. Экөөнүн сүрөтү аркылуу колдонуучулар саясатчылардын мамилесин да талкуулаганга үлгүрүштү.

Н.Түлеев сүрөттү Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган. Андан ары соц тармактын колдонуучулары сүрөттү пост кылып жарыялап, «саясат деген ыплас нерсе» деп да жазганга үлгүрүштү. Көп өтпөй Н.Түлеев экс-президент менен эмнеге чогуу сүрөткө түшкөнүн толугу менен түшүндүрүп жазган. Ал А.Атамбаев менен Бишкек-Москва каттамында учакта чогуу учуп барган.

Түлеев Атамбаевди учакта көргөндө ачуусу келип, өзүн кармана албай, орой түрдө сүйлөгөнүн айткан. Бирок Атамбаев келип кол берип учурашкан. Түлеев аны менен улууларды сыйлоо маанисинде гана кол алышканын билдирген.

«Кел, сүйлөшөлү деди. Анан биз 3,5 саттан ашык сүйлөшүп отурдук. Мен анын жүргүзгөн саясаты, ал жана анын кадрлары өлкөнү тоношконун, башкалардын бизнес жана мүлктөрүн ээлеп алышканын айттым. Мен анын элге берген убадалары аткарылбаганын, күч жана  сот органдары реформа болбой калганын айттым. Ал башын ийкеп макул болду.

Достор, мен азыр жолдомун. Атамбаев менен болгон сүйлөшүүлөрүбуздү толук жеткире албайм. Кийинчерээк кенен жазам. Ушулардын баарын Атамбаевге айтканыма тагдырдын туш кылганына кубанычтамын» , — деген Түлеев.

Эске салсак, 22-октябрь күнү экс-президент Алмазбек Атамбаев Москвага партиялардын курултайына барары, андан ары Санкт-Птербургдагы жакындарынын тажыясына учуп кеткени айтылган. Анын учканын коомчулукта өлкөдөн качып баратат деп да жазышкан.

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо