
Сузак районундагы Акчалуу айылында жер көчкү түшүп Ачы-Сай суусун бөгөп калган. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн саат 11:30 чамасында катталган.
Учурда тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Жер көчкүнүн турак-үйлөргө коркунучу жок.
Пикир калтыруу