Эртең Ошто жарык өчөт. Тизме

Эртең, 25-октябрда Ош шаарынын айрым аймактарында 8 саатка жарык өчөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, электр жарыгы 09:00дөн 17:00гө чейин өчүрүлөт. Үзгүлтүк төмөнкү даректерге тиешелүү:

К.Маркс, Жиннах көчөлөрүндө, А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо, Навои паркында, №8 “Ак-Буура” аймактык кеңешине караштуу Ленинград, Мельницкий көчөлөрүндө.

Электр жарыгынын өчүрүлүшү күз-кыш мезгилине энергетикалык объектилерди даярдоого байланыштуу болуп жатат

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*