Хашоггинин дене бөлүктөрү табылганы кабарланды

Телеканал журналисттин сөөгү бир нече бөлүккө ажыратылып, кебетеси бузулганын да белгилеген.

Азырынча маалымат расмий түрдө тактала элек. Буга чейин түрк медиасы саясатчы Догу Перинчекке шилтеме жасоо менен журналисттин денесинин калдыктары консулдун резиденциясынын кудугунан табылганын кабарлаган. Бирок бул маалымат дагы расмий түрдө тастыкталган эмес.

Сауд Арабиясы бийликти, өзгөчө мураскор ханзаада Мухаммедди кескин сындап келген белгилүү журналист 2-октябрда Стамбулдагы консулдукта өлтүрүлгөнүн ырастаган. Падышалык аскер кызматкерлерин жазалоону убада кылууда. Ошол эле маалда аны жок кылуу боюнча атайын операцияга буйрук берилгенин четке каккан болчу.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6005 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо