ИИМ: Ош окуясында жоголгон курал-жарактын көпчүлүгү табыла элек

Бул туурасында бүгүн, 24-октябрь күнү Бишкекте ИИМдин маалымат жыйынында министрдин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Ош окуясында 600дөн ашуун ок-атуучу курал жоголгон. Анын 370 даанасы табыла элек, -деди ал.

Ошондой эле маалымат жыйында Макмал алтын кенинде жоголгон жардыруучу заттарды издөө иштери боюнча суроо берилди. ИИМдин министр орун басары М.Каниметов кен өндүрүлгөн жайдагы кылмыш боюнча 2 кылмыш иши козголгонун айтты.

2015-16-жылдары эки кылмыш иши козголгон. Бир факты боюнча 240 кг уурдалып сатылганы боюнча 2 киши жоопко тартылган. Андан кийин алтын кенден 40 кг аммонит-тротил жарылуучу зат уурдалып, уурдаган кишилер кылмыш жообуна тартылган. Бүгүнкү күндө канча уурдалганы боюнча маалымат жок,-деп жооп берди М.Каниметов

Эске салсак, Бишкекте бүгүн 24-октябрда ИИМ министри Кашкар Жунушалиев жана анын орун басарлары маалымат жыйын өткөрүштү.

 

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо