ӨКМ ишине нааразылар чыкты. Видео

Ош шаарынын 218-кварталында кооптуу абалда турган таш кулап түшүү коркунучуна жетти. Абал жөнгө салынбаганына жашоочулар ӨКМге нааразы болушууда. 

Жашоочулардын билдиришинче, коркунуч жараткан таш үч жылдан бери солкулдап турат. Министрлик абалды бир канча жолу текшерип кеткени менен чара көрбөй жатышат.

Тоо этегинде турган үйлөргө коркунучтуу таш өтө жакын жайгашкан. Турак-жайлардын аралыгы 100 метрге да жетпейт.

Жашоочулар билдиргендей, эгер кооптуу абалда турган таш кулап кетсе 10-15 үйдү басып калат. Ар бир үйдө 5-6дан кем эмес адам жашайт.

«Жаан жааса же жер титерсе коркуп турабыз. Азыр акырындап сүрүлүп келатат. Ташты алдырып бергиле деп көп кайрылдык. Ош шаарынын жаңы мэри Таалайбек Сарыбашовдон тарта өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өзү таанышып кетти. Бирок эч кандай жыйынтык болбой жатат»,-деди квартал жашоочусу Айнура Азимова.

Айласы түгөнгөн жашоочулар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты. Кайрылууда өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов адам өмүрүнө кайдыгер карап жатат деп белгилешти.

218-квартал Ош шаарынын четинде жайгашкан. 2005-жылы жарандарга жер тилке катары бөлүнүп берилген. Азыр 200гө жакын кожолук жашайт.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо