Социалдык министрлигине Улукбек Кочкоров татыктуубу? Сурамжылоо

Өкмөт эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине талапкер көрсөттү. Ал Жогорку Кеңештин v чакырылышында депутат болгон Улукбек Кочкоров экени айтылууда.

Улукбек Кочкоровду министрликке өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөн. Азыр анын талапкерлигин кароо сунушу парламенттин тиешелүү комитеттерине жөнөтүлгөн.

Бул маалыматты Жогорку Кеңеш тастыктаганын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты. Мурдараак айрым басылмалар ак үйдөгү ишенимдүү булактарына шилтеме берип билдиришкен.

Улукбек Кочкоров социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеп кете алабы? «T-Media Group» сурамжылоо жүргүзөт.

 

 

44 жаштагы Улукбек Кочкоров былтыр президенттик шайлоодо ат салышкан. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында депутат да болгон.

 

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо