Футбол: Кыргызстан FIFA рейтингинде бир тепкичке көтөрүлдү

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде бир тепкичке жогорулады. Октябрдын жыйынтыгы FIFA уюмунун сайтына жарыяланды.

Өткөн айда Кыргызстан 91-орунда болсо, эми бир тепкичке көтөрүлдү. Ал эми Азия футбол конфедерациясында өлкө 12-орунга чыккан.

Октябрдын эң мыкты командасы Гибралтарга таандык. Ал сегиз баскычка жогорулап 190-орунду ээлеген.

Эң начар команда Мозамбиктики болду — тогуз сапка төмөндөп, 122-орунга түшүп калды. Дүйнөлүк рейтингдин сап башында Бельгия, андан кийин Франция, үчүнчүдө Бразилиянын командасы турат.

Кийинки катарлардан Хорватия, Англия, Уругвай, Португалия, Швейцария, Испания жана Дания мамлекеттерин көрүүгө болот.

 

Автор Т-медиа 10571 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*