Ипотекалык үйлөрдүн баасы арзандайт. Канткенде? Түшүндүрмө

Ипотекалык насыялоонун үстөгү гана эмес, турак-жайдын баасы да арзандайт. Бул багытта механизм иштеп чыгууну өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырма берди. 

Үйлөрдүн баасын төмөндөтүү тапшырмасы мамлекеттик ипотекалык компаниясына жүктөлдү. МИК  насыялоонун үстөгүн 7 пайызга түшүрүү менен бирге ипотекалык үйлөрдүн баасын арзандатууну карайт.

Азырынча МИК ипотекалык үйлөрдү кантип арзандатаарын билдире элек. Механизм качан иштелип чыгышы да белгисиз.

Ипотекалык үйлөрдүн баасы канча?

«Арзан турак жай 2015-2020» программасы азырынча жарандарга даяр үйлөрдү сатып алганга гана насыя берүүдө. Насыялоонун негизинде сатып алынган турак-жайдын бааларына МИК кийлигишпейт.

Борбор калаа Бишкекте ичи толук бүтпөгөн үйлөр 600 доллардын тегерегинде бааланат. Ал эми өлкөнүн экинчи борбору саналган Ош шаарында эң арзан үйлөрдүн чарчы мертри 450 долларды түзөт.

Баса, Ош мэриясы тарабынан берилген муниципалдык ипотекалык батирлер да 450 долларды түзгөн эле. Жеңилдетилген шарттагы батирлерди 300дөй бюджеттик кызматкер алган.

Айтмакчы, мамлекеттик ипотекалык компания Нарын шаарында куруп жаткан үйлөрдүн чарчы метри 39 миң же 570 долларды түзөт. Парламент депутаттары МИК койгон бааны «кымбат» деп сынга алып чыккан.

Ипотекалык үйлөрдү кантип арзандатса болот? 

МИК өзү салып жаткан үйлөрдүн чарчы метрин 570 долларга бааласа, ипотекалык негизде алынган батирлердин наркын түшүрө алабы деген чоң суроо жатат. Эми аны кантип ишке ашырса болот?

«T-Media Group» эксперттерден жол-жобосун сураштырып көргөн.

Экономикалык серепчи Эркин Абдыразаковдун баамында, жаңы салынып жаткан элиталык үйлөрдүн баасы өтө кымбат. Эски турак-үйлөрдүн наркы базар экономикасына жараша өсүп кеткен. Эми аны арзандатуу үчүн биринчи кезекте баасын кайра эсептөө максаттуу.

Жарандык коомдун өкүлү Гүлгаакы Мамасалиеванын пикиринде, өкмөт даяр үйлөрдү насыялоо шартында алып берүү менен гана чектелбей, «турак-жай» фондун түзгөнү максаттуу. Эгер ипотекалык үйлөр курулса баа бюджеттик кызматкерлердин капчыгына жараша бекитилмек.

Курулуш компаниялардын өкүлдөрү болсо мамлекет аларга жеңилдетилген шартта насыя берсе ипотекалык  үйлөрдү арзандатмакбыз дешүүдө. Эгер кыргыз өкмөтү жер тилкени акысыз же арзан баада алып берчү болсо МИК менен келишим түзгөнгө курулуш компаниялары даяр.

МИКтин төрагасы Бактыбек Шамкеев буга чейин билдиргендей, ипотекалык насыянын жылдык үстөгүн 6 пайызга чейин акырындап төмөндөтүш үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөр бар. Быйыл ипотекалык насыялоонун үстөгү 7 пайызга түшүрүлүп, кийинки жылы насыялар 6 пайыз менен бериле баштайт.

Кыргыз өкмөтү мындан 2,5 жыл мурда «Арзан турак жай 2015-2020» программасын кабыл алган жана анын негизинде Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөн. Компания ушул күнгө чейин жалпысынан 3000дөй адамга суммасы 3 миллиард сомдон ашуун насыя берди.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо