Милиция катышкан кырсык жабылдыбы?

Алай районунун тургундары милиция кызматкери катышкан жол кырсыгынын тергөө иши жабылып калды деп нааразылык билдирип чыгышты. Каза болгон балдардын ата-энелери прокуратурага кайрылышты.

2018-жылдын 17-август күнү Ош-Эркечтам авто жолунун 37-чакырымындагы Бекжар айылында эки жеңил автоунаа кагылышкан.  Кырсыктан Элдияр Сатыбаев жана Манас Осмонали уулу каза болгон.

Маркумдардын жакындарынын айтымында, экинчи автоунаада Чоң-Алай райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Батыр Токоев болгон. Ал мас абалда Чоң-Алай районунан келе жаткан. Кырсыктан кийин соттук-химиялык экспертиза жүрүгүзүлүп милиция кызматкери Б.Токоевдин канында -0.64% этил спирти аныкталган. Экинчи унаанын айдоочусу Э.Сатыбаевдин канынан спирт табылган эмес.

Окуя боюнча Кара-Суу райондук ИИБнын тергөөчүсү С.Кадыров тергөө амалдарын жүргүзүп, кылмыш козгоодон баш тарткан. Каза болгон эки баланын ата-энеси нааразылык билдирип, Кара-Суу райондук прокуратурасына арыз менен кайрылышты.

Ош облустук ИИБнын маалымат кызматынын башчысы Жеңиш Аширбаев жол кырсыгына каза болгон айдоочу күнөлүү болгонун айтат. Анткени айдоочу Э.Сатыбеков каршы тилкеге чыгып, милиция кызматкеринин автоунаасын сүзгөн. Ал эми Чоң-Алай райондук ИИБнын ыкчам-кызматкери Б.Токоев мас абалда унаа айдаганы үчүн административдик чара колдонулган.

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо