
Жарым айдан бери бош турган эки министрликке жетекчилер расмий дайындалды. Өкмөт көрсөткөн талапкерлерди парламент депутаттары көпчүлүк добуш менен бекитип берди.
Эми эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин Улукбек Кочкоров жетектейт. Азамат Жаманкулов болсо маданият, маалымат жана туризм министри кызматын аркалайт.
Жаңы дайындалган эки министр коомчулукка белгилүү. Биринде элдин терс пикири жок болсо, экинчиси туризм тармагында жасаган иштери менен эл оозуна алынып келүүдө.
«Т-Media Group» эки министрдин басып өткөн жолун эске салат. Алардын өмүр-таржымалы менен төмөндөн кеңири таанышып алыңыз.
Пикир калтыруу