Ошто балдар ооруканасын таракан басты. Видео

Ош шаардык балдардын инфекциялык ооруканасында таракан көбөйүп кетти. Муну бейтапканада жаткан балдардын ата-энелери ачыктап чыкты. 

Оорукананы «таракан басып кетти» деген маалыматты  «Т-Медиага» бейтаптар кайрылып билдиришти. Айтымдарында, палаталарда таракандар көбөйүп, балдарды коруп чыгууга туура келүүдө.

Жалпы бейтаптардын атынан биздин редакцияга кайрылган эне атын жашырышыбызды өтүндү. Ал ушул билдирүүсү менен ооруканадагы абалды ачыктоого чакырат.

Жогорудагы айтылгандарды башка бейтап балдардын ата-энелери да тастыкташты. Эмнегедир баары эле камера алдында интервью бергенден чочулап туруп алышты. Андыктан интервью берген адамдын жүзүн жашырганга аргасыз болдук.

Айтылгандардын чын-төгүнүн аныктоо максатында балдардын инфекциялык ооруканасына баш бактык. Таракан түнкүсүн чыгат делген үчүн 21:00 чамасында барганбыз. Тилекке каршы, бейтапкана жетекчилиги «20:00дөн кийин жат адамдардын кирүүсүнө тыюу салынат» деп киргизишкен жок.

Ошентип, балдардын ооруканасына таракан чыгат делген убакта эмес, эртеси күндүзгү маалда барганга туура келди. Анда деле палаталардын баарын эмес, экөөнү гана көрө алдык.

Албетте, башкы дарыгер дайындаган палаталардын экөөнөн тең таракан чыккан жок. Деген менен ошол палатадагы бейтаптардын бири мындан таракан көргөнүн айтты.

Оорукана жетечилиги деле таракан чыгып жатат деген маалыматты четке каккан жок. Айтымдарында, абал боюнча саламаттыкты сактоо министрлигинин кабары бар.

Башкы дарыгер Кайрат Абжаловдун билдиришинче, таракан быйыл гана чыккан жок. Бир нече жылдан бери суук түшкөн мезгилде пайда болот.

Абжалов кошумчалагандай, тараканга каршы күрөш кыш ичи тынымсыз жүргүзүлөт. Санэпидемстанциянын дезинфекциянан сырткары, оорукана өзү ай сайын зыянкечтерге каршы дары-дармекке 8 миң сом жумшайт.

Оорукана жетекчилиги абалдын жыл сайын кайталанышын имараттын эскилиги менен да байланыштырышат. Курулганына 60 жылга чукулдап калган имарат акыркы 20 жылдан бери капиталдык ремонттон өтө элек.

Ош шаардык балдардын инфекциялык ооруканасы 180 орунга ылайыкташкан. Жылына 11 миң бейтап дарыланып чыгат.

 

 

 

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо