Президент аскер тармагын сынга алды

Аскердик кылмыштардын көбөйүшү армиянын аброюна терс таасирин тийгизип жатат. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу кеңешмеде билдирди. 

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин өз аскердик милдетин тийиштүү деңгээлде аткаруусун камсыздоо боюнча командалык курамдын жетишсиз иштеп жатканын белгиледи.

«Бул фактылар жеке курамды окутууда командирлердин кесипкөйлүгүнүн жетишсиздигинен, аскердик мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштиктүү системанын жоктугунан болуп жатат»,-деди президент.

Жээнбеков Куралдуу Күчтөрдөгү өзгөчө аскердик комиссариаттардын кызматтык адамдарынан акча каражаттарын талап кылуу фактыларына токтолуп, аскердик командачылыкка күнөөлүү адамдарга карата өз убагында чечкиндүү аракет кылууну тапшырды.

Ошондой эле КРнын Башкы штабынын башчысына өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн командачылыгы менен кеңешме өткөрүп, мындан ары аскердик кылмыштарды болтурбоо боюнча иштиктүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

26-октябрда президенттин катышуусунда өткөн кеңешмеге Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты.

Жумушчу кеңешменин жүрүшүндө аскердик-техникалык кызматташуунун жана республиканын коргоо-өнөржай комплексинин ишканаларын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

 

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо