
Автоунаасын башкара албай 56 жаштагы Ш.К аттуу айдоочу каза тапты. Окуя 28-октябрдын түндөсү Алай районунун Кыркол айылында болгон.
Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүгүнүн үгүт-насаат боюнча кызматтын башчысы Алтынбек Теңгизбаев билдирди.
-Айдоочу Сары-Таш багытынан Гүлчө аймагына келе жаткан. Ал «Honda stream» үлгүсүндөгү унаасы менен бийиктиги 35-40 метрдей жардан кулап түшкөн,- деп кабарлады ал.
Айдоочу алган жаракаттан улам окуя болгон жерде каза болгон. Маркум Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну. Учурда кырсыктын келип чыгуу кесепеттерин иликтөө иштери жүрүүдө.
Пикир калтыруу