Ошко 1-ноябрдан жылуулук берилиши күтүлүүдө

Ош шаарында 1-ноябрдан баштап жалпы жылытуу сезону башталганы турат. Жаңырган айдын башынан жылуулук берүү пландалып жатканын Ош мэриясынан билдиришти. 

Мэриянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, эгер ноябрдын башында күн жылуу болсо жылытуу сезону башталбайт. Абанын температурасы 5 күн катар +8 градуста кармалса гана жылуулук берилет.

«Кечээ 17 бала бакчага жылуулук бериле баштаган. Бүгүн карылар үйүнө да жылуулук берилет. Буга чейин Ош облустук жана шаардык төрөт үйлөрүнө жылуулук берилип жаткан. Калган социалдык мекемелерине 1-ноябрдан жалпы жылытуу сезону башталганда бергени турабыз»,- деди маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Абсатаров.

Абсатаров кошумчалагандай, «Ош жылуулук борбору» жана “Жылуулук камсыздоо” ишканалары күз-кыш мезгилине толугу менен даяр. Мазут, көмүр  жетиштүү көлөмдө камдалган.

Ош шаарында жалпысынан 276 көп кабаттуу үй, 35 мектеп, 23 бала бакча, 8 саламаттык сактоо мекемеси, 9 жогорку окуу жайы, 2 кесиптик лицейи, 7 админстративдик мекеме, 3 китепкана, 1 боорукердик үйү, 150 жеке менчик үй жана башка 12575 абонент жылуулукка туташтырылган.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо