Ошто үч эгиздин ата-энеси коммуналдык кызматтан бошоду

Ушул жылдын 5-октябрында Ош шаарынын тургуну Гүлназ Батырова үч эгиз төрөгөн. Алар 2018-жылдагы 3 эм төрөлгөн алгачкы болуп катталышты.

Бул тууралуу шаардык бийликтин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 29-октябрда Оштун мэри Таалайбек Сарыбашев эгиздердин ата-энеси Эрнис Бакиров менен Гулназ Батырованы куттуктап үйүнө барды. Калаа башчысы куру кол барбай бөбөктөр үчүн атайын жасалган коляскаларды жана акчалай жардам ала барган.

Ак-Тилек кичи районунун тургуну Гүлназ Батырованы 3 эми (2 кыз, 1 уул) айына жетпей, 4-октябрда операция жолу менен төрөлүшкөн. Алардын улуусу 1 кг 475 г салмакта, экинчи кызы 1 кг 660 г салмакта болсо, үчүнчү болуп төрөлгөн уулунун салмагы 1 кг 545 г болгон,- деп айтылат билдирүүдө.
Шаар мэри ак  халатчандарга эгиздердин ден-соолугун такай көзөмөлгө алып турууну тапшырды. Мындан тышкары коммуналдык кызмат акыларына жардам көрсөтүлмөй болду. Үч эмге Нуржан, Бекжан жана Гүлжан деген ысым берилген.

Эгиздердин ата-энесинин 3 эмден  башка 2 баласы бар.

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо