
Таксистти бычактап качкан жүргүнчү 26-октябрда кармалды. Ал соңку 15 күндөн бери изделип жаткан. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнүн маалымат кызматы кабарлады.
Мекенин маалымат кызматы кабарлагандай, окуя 11-октябрь күнү түндөсү болгон. Автоунааны Бишкек багытын көздөй айдап качкан жүргүнчү жол кырсыгына учурап, машинени окуя болгон жерден таштап из жашырган.
«Жалал-Абад шаарындагы «Бергбай» такси тейлөө фирмасында иштеген айдоочу жүргүнчүнү «Санпа» пахта заводунун жанына келип Бишкектен жүк күтүп алуу үчүн алып барат. Бирок күтүүсүздөн эч себепсиз бычак менен айдоочунун денесине 3 жолу сайып жиберген. Айдоочу окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн жана ооруканага кайрылган. Учурда жабырлануучунун ден соолугу жакшы, ооруканадан чыккан»,- деп жазылат билдирүүдө.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш Жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө тобу кылмышка шектүүнү кармады. Шектүү убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.
Кылмышка шектүү Базар-Коргон районунун тургуну. Тергөө учурунда ал убактылуу жумушу жок, тамак-ашка муктаж болгон үчүн айдоочуну тоногонун айтып берген.
Пикир калтыруу