Эксперт: өкмөттүн ипотекасы популисттик кадам

Өкмөт мамлекеттик ипотеканын шарттарын жеңилдетүүнүн үстүндө иштөөдө. Даярдалып жаткан механизмде насыянын үстөгү 7%га төмөндөп, турак-жайдын баасы да арзандайт.

Эки багытта төмөндөтүү механизми МИК тарыхында биринчи ирет ишке ашышы. Эми коюлган милдеттеме кантип жүзөгө ашат? Жаңы система жеткиликтүү ипотеканы камсыздай алабы?  Экономикалык серепчи Эркин Абдыразаков «Т-Медиага» эксперттик корутундусун айтып бермекчи.

«Т-Мedia Group»: — Жыл өткөн сайын мамлекеттик ипотекалык компания насыянын пайыздык үстөгүн төмөндөтүүдө. Эми ошол аракеттердин жыйынтыгы натыйжасын бере алабы?

Эркин Абдыразаков — «Арзан турак жай 2015-2020» программасы жакшы максатта түзүлгөн. Деген менен ипотеканын шарттары мамлекеттик кызматкерлердин капчыгына туура келбей жатат. Көпчүлүгүнүн күрөө койгонго мүмкүнчүлүгү жетпейт. Сатып алган же куруп жаткан үйлөрдү күрөөгө койгонго туура келет. Бирок ал ипотекалык шартта каралган эмес. Ошондуктан, капиталы миллардга жеткен кепилдик фонду түзүлгөн. Эң эле арзаны 12% болуп жатат. Бул өтө кымбат.

«Т-Мedia Group»: — Демек, ипотекалык насыялоодо мындан башка кыйынчылыктар жоюлган. Туурабы? 

Эркин Абдыразаков — Жоюлган жок. Бүгүнкү күндө ипотека алган жаран  сөзсүз түрдө алдын ала 10%дан 30%га чейин алгачкы төлөмдү төгөт. Буга да көпчүлүгүнүн мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Экинчи жагынан айлыгы туура келбейт. Ипотеканын мөөнөтү 7 жылдан 10 жылга чейин гана. Азыркы орточо айлыкты эске алганда 15 жылдан кем эмес берилгени туура деп ойлойм. Учурдагы иштеп жаткан кыска мөөнөт боюджеттик кызматкерлерге туура келбейт. Айына 20-25 миң сомдон түшүп калат. Эми ойлонуп көргүлө 15 миң сомдон маяна алган үй-бүлө насыясын кантип төлөп, тиричиликке кантип жеткирет?

«Т-Мedia Group»: — Ипотекасын төлөй албай тарттырып жиберүү ыктымалы жогору деп жатасыз. Ошондо мөөнөт узарса абалдан чыга алабызбы? Же башка ыкманы сунуштайсызбы?

Эркин Абдыразаков — Айрымдары азыр ата-энесинин кошумчасы же мигранттардан келген акчаны төлөп жатышат. Бул албетте коркунучтуу. Эгер мигрант депорт болуп кетсе ким жардам берет аларга? Ошол себептүү мамлекет өзү кепилдеши керек. Мисалы, Орусияда материалдык капитал бар. Эгер үй алсаң белгилүү бир өлчөмдү кемитип, өкмөт өз мойнуна алат. Мен түшүнүп жатам бизде мамлекеттин чөнтөгү жука. Ошол үчүн кепилдик фонд аркылуу күрөөнүн гана бир бөлүгүн алып берүү менен чектелүүдө. Күрөө бекер эмес. Беш пайызга чейин каржысын коюп алып жатат.

«Т-Мedia Group»: — Канткенде ипотеканын пайызы чөнтөккө жараша төмөндөйт?

Эркин Абдыразаков — Ипотеканын пайызы качан гана инвестициялык банк түзүлмөй сайын арзандабайт. Коммерциялык банктар кассалык төлөмдөрдү жүргүзөт, нак акчаны тейлейт жана мониторинг кылат. Мына ошол кызматына 5-6%га чейин акы алат. Бул кепилдикти ипотека алган жаранга жүктөбөй,  банктар менен мамлекет өзү сүйлөшкөнү туура. Же болбосо өзү банктарды түзүп ортомчусуз барганда 3-4%га арзандайт эле.

«Т-Мedia Group»: — Жакында эле өкмөт башчы насыянын пайызын төмөндөтүп, ипотеканын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча тапшырма берди. Эми ал ишке ашат деп айта аласызбы?

Эркин Абдыразаков — Абылгазиев тапшырма берди. Бирок бюджеттин абалына карап тапшырма бериш керек да. 2020-жылга чейин толук кандуу ипотекага кезекке тургандарды үй менен камсыз кылабыз дейт. Бул реалдуу эмес. Муну популисттик кадам деп эсептейм. Анан эң башкы маселе МИК кызматкерлеринин айлыгын кайра карап чыкпаса болбойт. Өлкөдөгү эң бийик акча алгандар ушулар. Ипотеканы арзандата ала турган менеджерди сунуштоонун ордуна өзүнүн чөнтөгүн кампайтып, мамлекеттик чиновниктерге туура келбеген кылыктар менен отурушат. Мына ошол жагын туура эмес деп эсептейм.

«Т-Мedia Group»: — Ипотекалык үйлөрдүн бааларын төмөндөтүү боюнча да механизм даярдалып жатат. Арзандатканга мамлекеттин кандай мүмкүнчүлүктөрү бар? 

Эркин Абдыразаков — Мүмкүнчүлүктөр кеңири. Азыр жаңы салынып жаткан элиталык үйлөрдүн баасы өтө кымбат. Эски турак-үйлөрдүн наркы базар экономикасына жараша өсүп кеткен. Эми аны арзандатуу үчүн бааларды кайра эсептеп чыгыш керек. Элиталык үйлөрдү болсо курулуш компаниялары менен келишим түзсө болот. Алар азыр 200% кымбат курулуп жатат. Эгер мамлекет  бул материал менен курасыңар деп буюртма берсе болот да. Цемент, бышык кыш, карагай өзүбүздөн чыгып жатат. Андан сырткары, курулуш компанияларына мамлекет жер бөлүп же салыктардан бошотсо ипотекага берилчү үйлөр арзандамак. Ош жана Бишкек шаардык мэриялары муниципалдык жерлерин бекер берсе ипотеканын баасы 30-40%га чейин арзандайт эле.

«Т-Мedia Group»: — Мамлекеттик турак-жай фонду түзүлүп, ипотекалык үйлөр да курулат делген болчу. Эгер салынса ипотекалык үйлөр канча пайызга чейин арзандамак? 

Эркин Абдыразаков — Азыр тендер деген балээ бар. Кайсы бир чоңдун көмөчүнө күл тартып, кызматта иштеген аткаминерлердин таанышы же тууганы утуп алып, жарым-жартылай бүтүрүп элди кыйнап жатат. Мына ошондой кылбастан толук кандуу үйдү бүтүрө турган өзүнчө бир курулуш уюмду мамлекет өзү түзбөсө болбойт. Мурунку курулуш ишканалары бар. Ошолорду эмне себептен тартпайт? Жеке компанияларга ипотекалык үйлөрдү салдырбаш керек деп ойлойм. Мамлекет өзү курганда гана ипотекалык үйлөрдүн баасы дээрлик 50-60%га чейин арзандайт эле.

Кыргыз өкмөтү мындан 3 жыл мурда «Арзан турак жай 2015-2020» программасын кабыл алган жана анын негизинде Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөн. Компания ушул күнгө чейин жалпысынан 3000дей адамга суммасы 2 миллиард сомдон ашуун насыя берди.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо