
Бүгүн таңкы саат 08:22де Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, күчү 6 баллга жеткен зилзаланын очогу Кытайда катталган. Жер титирөө Алай районунун Нура, Эркечтам айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир калтыруу