Ошко эки күндөн кийин жылуулук берилет

Ош шаарына 1-ноябрдан тарта жылуулук берилет. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн кол койгон. 

Бул тууралуу “Жылуулук камсыздоо” ишканасы билдирүү таратты. Мекеменин маалыматына караганда, жылуулук социалдык обьектилер менен кошо эле жалпы пайдалануучуларга берилет.

Мурдараак Ош мэриясы 1-ноябрдан жалпы жылытуу сезону баштоо пландалып жатканын билдирген. Буга чейин төрөт үйлөрүнө жана 17 бала бакчага жылуулук берилген эле.

Ош шаарында жалпысынан 276 көп кабаттуу үй, 35 мектеп, 23 бала бакча, 8 саламаттык сактоо мекемеси, 9 жогорку окуу жайы, 2 кесиптик лицейи, 7 админстративдик мекеме, 3 китепкана, 1 боорукердик үйү, 150 жеке менчик үй жана башка 12575 абонент жылуулукка туташтырылган.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо