Ошто көмүрдүн баасы 6 сомдон ашты

Ош шаарында кара алтындын килограммы 6 сом 50 тыйынга чейин көтөрүлдү. Бул баа Бишкекке салыштырганда 2 сомго кымбат. 

Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин депутаттары бүгүнкү жыйынында айтып чыгышты. Эл өкүлдөрүнүн билдиришинче, борбор калаада көмүр 4 сом 50 тыйынга чейин сатылса, бизде эң арзаны 4 сомду түзүүдө. Өткөн айда 8 сом 50 тыйынды түзгөн Сүлүктүүнүн көмүрү азыр 12 сомго чейин көтөрүлгөн.

Кара алтындын баасын монополияга каршы кызматы көзөмөлдөөнү колго ала элек. Муну мекеменин адистери өкмөттөн токтом чыга электиги менен түшүндүрүштү.

Депутаттар кара алтындын баасын тезинен көзөмөлдөөнү монополия кызматына эскертти. Бул боюнча иш пландарды иштөө жана тиешелүү тапшырмаларды берүү милдеттемесин Ош мэриясына жүктөдү.

Буга чейин Ош мэриясынын күз-кыш мезгилине даярдыктар боюнча түзүлгөн штабы көмүрдүн баасы көзөмөлдөнөт деп чечим кабыл алган. Жоопкерчилик монополияга каршы күрөшү кызматына жүктөлгөн.

Эске салсак, былтыр кара алтындын килограммы  Ош шаарында 4, 5 сомдон башталып кышында 7 сомго жеткен.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо