Реалдын башкы машыктыруучусу кызматтан кетти

Каролдук клуб Хулен Лопетегини расмий түрдө жумуштан алды. Мындай чечим  Реал Барселонадан  5:1 эсебинде жеңилүүсүнөн кийин чыгарылды.  Азырынча башкы машыктыруучунун милдетин Сантьяго Солари аткарат.

Реалдын быйылкы  Испания чемпионатынын быйылкы сезондогу оюндары начар деп бааланууда. Команда 10-турга келип, 14 упай менен 9-орунда баратат. Ла Лигада 4 ирет  утулуп, 2 жолу тең чыгып, 4 ирет гана жеңишке жеткен.

Буга чейин Лопетегинин ордуна Антонио Конте келиши айтылган.

Лопетеги ушул жылы дүйнөлүк биринчиликтин алдына Испания курама командасынын башчылыгын таштап, «Реал» менен 3 жылдык келишим түзгөн болчу.

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо