Сарыбашов: ЖК депутаттары кадр маселесине киришпесин! (видео)

«Айтып койгула, кадр маселесине Жогорку Кеңештин депутаттары кирише бербесин»! Муну Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык Кеңештин сессиясында айтып чыкты. 

Калаа башчы бул сөздү кадр алмаштыруу боюнча маселе козголгондо айтты. Кадрларды карап чыгуу сунушун «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Бекболот Арзибаев билдирген.

Азизбаевдин демилгесин башка депутаттар да колдоп чыкты. Эл өкүлдөрү Таалайбек Сарыбашовго милдетин аткара албаган жетекчилерди алмаштырган туура деп айтышты.

Сарыбашов сунуштарды эске алып, кадр маселесин карап көрүүнү убадалады. Ошол эле учурда кадр саясатына Жогорку Кеңеш депутаттарын кийгилишпөөгө чакырды.

 

Ажибай Пайзидин уулу
Автор Ажибай Пайзидин уулу 1430 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо