Хабибдин кийинки атаандашы белгилүү болду

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовдун келечектеги каршылашы белгилүү болду. Бул тууралуу «Спорт-экспресс» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык учурда Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) спорттук уюму Хабиб Нурмагомедов менен эки салмактагы мурдагы чемпиону Жорж Сен-Пьер менен мелдешке чыгуу жолдорун иштеп жатышат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Хабиб Нурмагомедов UFCнын жеңил салмактагы чемпиону. Дагестандык мушкер америкалык спортчу Эл Яквинтаны жеңип алган. Андан кийин ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду жеңип, титулун сактап калган.

Ал эми Сен-Пьер болсо былтыркы жылы ноябрь айында Майкл Биспингди жеңип, орто салмактагы чемпион аталган. Кийин ден соолугуна байланыштуу андан баш тартууга туура келген. Эки мушкердин беттеши качан болоору азырынча тактала элек. Эскерте кетсек буга чейин Хабиб орто салмактагны Сен-Пьерду беттешүүгө чакырган болчу.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*