Индияда дүйнөдөгү эң бийик эстелик ачылды. Фото

Бийиктиги 182 метрден турган эстелик Индиянын Гужарат штатында ачылды. Айкел өлкөнүн алгачкы вице-премьер-министри Сардар Пател Валлабхаинин урматына тургузулган.

Пател Валлабхаинге арналган эстеликтин бийтиги менен Индия Кытайды артта калтырды. Ал «Кытайдагы будданын» эстелигинен 54 метрге бийик.

Дүйнөнүн эң бийик эстелигине айланган курулуш «Биримдиктин айкели» деп аталды. Келген туристтер лифт менен эстеликтин 153-метрге чейин чыга алышат.

Курулушка 430 миллион доллар сарпталып, 2 жыл 9 ай ичинде бүткөн. Ага 250 инженер жана 3400 жумушчу тартылган.

Эстеликке 140 тонна цемент, 2 миң тонна коло, 700 тонна темир сарпталган. Гужарат штатындагы Ахмедабад шаарында курулган эстелике жылына 2,5 миллион турист келээри күтүлүүдө.

Индиянын «Темирдей адам» деген атка конгон Пател 1947-жылы көз карандысыздыктан кийин премьер-министр болгон.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо