Ошто шарты начар торт цехи жабылат

Ош шаарындагы коомчулукка ызы чуу болгон торт чыгарган кичи цех жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабар таратты.

-Цех көмүскө иштетилип келген жана ээси азырынча так белгилүү боло элек. Бүгүн, 31-октябрда шаардык санитардык-эпидемиологиялык мекемесинин жетекчилиги текшерүүгө алып, интернетте тараган көрүнүшкө күбө болгон эмес. Анткени сүрөттөр интернетке тарагандан кийин эле абалды оңдоого аракет көрүшкөн. СЭСтин жетекчилиги аталган жай «Анкара» кондитердик фирмасы эместигин, өзүнчө кичи цех экенин кабарлады,-деп жазылган маалыматта.

Мурдараак соц тармактарга Оштогу «Анкара» деп аталган кондитердик ишканасы өтө начар шартта торт чыгарат деген маалымат тараган. Бирок аталган ишкананын жетекчиси начар шарттагы цех алардын менчиги эмес экенин билдирген.

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо