Ошто жол акы аппарат аркылуу төлөнө баштады

Ошто коомдук транспорттор автоматташтырылган система менен иштей баштады. Учурда жаңы система автобус жана троллейюусттарда сыналууда.

Шаардагы 12-каттамдагы 14 автобус сынактан өткөн. Азыр 13-каттамда сыналып жатат. Ал бүткөндөн кийин 30 троллейбус сыналат. Андан кийин жаңы система толук кандуу ишке кирет.

Учурда жүргүнчүлөр жол акыны тыйын аркылуу төлөп жатышат,бирок карталар бериле элек. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинин башчысы Мурзабек Дубанаев билдирди.

«Учурда автобустарда жаңы аппараттарды сынап, элге түшүндүрүп берип жатабыз. Айдоочулар жол акыны албай, жүргүнчүлөр борт жабдыктарына тыйын аркылуу төлөп, чек алып жатышат. Коомдук транспорттор сыналып бүткөндөн кийин ачылышы болот»,- деди Мурзабек Дубанаев.

Жалпы 61 коомдук транспортко акы төлөөчү аппарат орнотулган. Дубанаев кошумчалагандай, жол акы карталары сатыла элек. Бирок пенсионерлер жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге соцфонд аркылуу, ал эми окуучуларга мектептин жетекчилери аркылуу берилет.

Акы төлөө картасы азырынча бериле элек. Ал расмий таратыла баштаганда жарандар Ош шаардык мэриясына жана муниципалдык автоунаа мекемесине кайрылат.

Учурда 30 миң даана жол акы картасы бар. Картаны банк аркылуу же муниципалык мекемеден толуктап турса болот.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*