Пауэрлифтинг: Кыргызстан дүйнө кубогунда 43 медаль топтоду

Кыргызстандык спортчулар пауэрлифтинг боюнча дүйнө Кубогунда 43 медаль утуп алышты.

Аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиргендей, мелдеш Москвада өттү. Ага 12 өлкөдөн келген спортчулар катышты. Кыргызстан курама командасынан 22 киши ат салышты.

Алар ар түрдүү жаш өзгөчөлүктөрү, көнүгүү жана номинация боюнча 38 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль утуп алышты.

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо