​“Реал” футболчулары жаңы машыктыруучу маселесинде жетекчиликке кайрылышты

«Реал Мадрид” клубунун футболчулары башкы машыктыруучу катарында Зинедин Зидандын келишин каалашууда. Бул тууралуу “Sport” басылмасы жар салды.

Маалыматка ылайык 46 жаштагы француз адиси 2016-жылдан 2018-жылга чейин “падышалык клубдун” башкы машыктыруучусу болгон. Анын келишин “Реалдын” алдыңкы оюнчулары жетекчиликке билдиришкен.

1-июнда Зинедин Зидан өз каалосу менен «Реал Мадрид» клубунун башкы машыктыруучу кызматынан кеткен.

Ал эми “Реалдын” башкы машыктыруучусу Хулен Лопетеги “Барселонадан” (1:5) жеңилгенден кийин кызматтынан алынган. Учурда башкы машыктыруучу кызматына талапкер катарында Антонио Конте («Ювентус» жана «Челси» командаларынын мурдагы машыктыруучусу ) жана Маурисио Покеттинонун («Тоттенхэм») аттары аталууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, Зинедин Зидандын астында команда үч жолу Чемпиондор лигасынын, эки жолу УЕФАнын Суперкубогун, бир канча жолу Испаниянын Суперкубогун жеңип алган.

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо